Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын пенчак-силат боюнча мелдешинде Кыргыз спортчусу Жолдошбек Акимканов жарым финалга өттү.
Жолдошбек Акимканов 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде пакистандык Умер Фарук менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Акимканов мыктыраак болуп, 5:0 эсеби менен жеңишке жетти. Бул жеңиш менен Жолдошбек Акимканов жарым финалга өтүп, анда малайзиялык Жамари Аль-Жуффери менен кез келет. Акимканов жарым финалда жеңишке жетсе алтын үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алат. Эгерде жеңилип кала турган болсо Кыргыз спортчусу коло медалдын ээси болот.
Ошондой эле эркектер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Туратбек Сулайманкул уулу жана Алмазбек Замиров, кыз-келиндер арасындагы мелдеште Михринса Ниязова менен Алина Камалова катышкан. Бирок алар алкачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеген.
Маалымат үчүн: Пенчак-силат - Индонезиядагы байыркы уруш өнөрү. Анда бут жана кол менен сокку узатканга, түрдүү ыкма аркылуу жыгылтып, көтөрүп чабууга уруксат берилет.