Жайкы Азия оюндары: Кыргыз капчыгында алгачкы алтын. Төрөкан Багынбай уулу жиу-житсу боюнча мелдештин жеңүүчүсү болду

Кыргыз спортчусу Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алтын медалын тагынды.

Бүгүн, 24-августта жиу-житсу боюнча мелдештер орун алып, анда 69 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Төрөкан Багынбай уулу катышты. Ал финалдык баскычка чейин өтө алган.

Төрөкан Багынбай уулу финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашып, беттештин жыйынтыгында 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Ал буга чейин 1/16 финалда ирандык спортчуну утуп, жарым чейрек финалда казакстандык Мансур Хабибуланы жеңди. Чейрек финалдык беттеште Багынбай уулу түркмөнстандык Желилмухаммед Хошанмурвдовду 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда таиланддык спортчунун үстүнөн 4:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Муну менен Төрөкан Багынбай уулу Кыргыздын капчыгына алгачкы алтынды алып келди. Эми Кыргыз капчыгында жалпы 10 медаль болду, анын 1и алтын, 4ү күмүш жана 5и коло медалдар.

Маалымат үчүн: Жиу-житсу - япон күрөшүнүн түрү. Анда спортчулар куралсыз коргонуунун өзгөчө ыкмалары боюнча беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Ankel
2018-08-24 16:15:18
Азаматсың!!! Куттуктайм
+8
Kymbatym
2018-08-24 16:17:46
Оо мына азамат Төрөкан бүгүнкү күндүн эң сонун жаңылыгы болду жалпы кыргыз элимди куттуктайм алгачкы алтыны менен
+8
alihan2018
2018-08-24 16:17:46
Азаматсың жеңишиң кут болсун
+5
monster_high_98
2018-08-24 16:19:25
Алтын тагынган суротун да киргизбейсинерби!Азамат, алгачкы алтын ,ошондо канчанчы орунда болуп калды Кыргызстан ,медалдар боюнча?
+2
sirgak_92
2018-08-24 16:22:00
monster_high_98,сыйлоо аземи боло элек өлүп баратасынбы
-8
monster_high_98
2018-08-24 16:29:34
sirgak_92,Билбепмин
+1
Kychtyy
2018-08-24 16:21:40
Ооо азаматсын жигит. Алтынтынды кыргыз эли учун багындырдын багынбай уулу
+6
Azat.97
2018-08-24 16:31:22
Журок сезген.Куттуктайм!
+5
Stels
2018-08-24 16:35:42
Ооооо сууупер, азаматсың Төрөкан!!!
+3
Mavlyuda
2018-08-24 16:47:18
Азаматсың. Элимдин атыцн алыстарга угуза бер. 2020-жылкы олимпиадага жолдомо бар буюрса сага. Чемпиондукту күтөбүз. Ийгилик жараткан жар болсун
+2
Kymbatym
2018-08-24 18:47:02
Mavlyuda,жиу житсу спорттун олимпиадалык түрү эмес экенда булар олимпиадага катыша албайтда
+2
Edward.14
2018-08-24 16:57:34
Эн жакшы азаматсыз!
+2
kg_emilbekov
2018-08-24 17:18:55
эн жакшы акыры алтын деген жанылыкты окудум кудайга шугур
+2
kenje-888
2018-08-25 09:44:09
Азамат куттуктайм эми Соке кантип тозуп алат болду экен??!
+1
kenje-888
2018-08-25 09:48:26
же кыргыздын желегин желбиреттип, алтын медалы учун сыйлык берип туруп бир канча пайызын налог толо деп куйгузпосо болду эми чочойгон чондорубуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан