Депутат Улугбек Ормонов: "Коопсуз шаарды" ишке ашырбоого кызыкдар тарап болушу мүмкүн"

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?"деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тарап болушу мүмкүн деген пикирде. "Кечээ аукцион техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам үзгүлтүккө учурады. Долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар күч бар деп айтуу кыйын. Кызыкдар күчтөр болушу мүмкүн. Бирок далилдер жок", - деди Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Абдыбек Дүйшалиев, Зиядин Жамалдинов, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан