Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы аймактык бейтапкананын имаратынын эскилиги жетип, сыртындагы шыбагы бүт сыйрылып түшкөн. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдап, мамлекеттик мекемеге тиешелүү имараттын абалы ушундай көрүнүшкө жеткенине кейип турганын айтат.
"Учурда Чаткал районундагы кызматкер, жумушчулар медициналык кароодон өтүп жатабыз. Президенттин демилгеси менен алынып келген 5 миллион сомдук жабдык бейтапканага коюлган. Кароодон өтүү үчүн келгендер имараттын абалына кейип жатышат, кантип айыл өкмөт же дагы башка тиешелүү тараптагы кызматкерлер оңдотууну ойлонбойт?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.