Бүгүн, 24-августта Кыргыз спортчусу Төрөкан Багынбай уулу Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медаль тагынды. Ал финалдык беттештен кийин төмөнкү сөздөрдү айтты.
"Бул жеңишимди Кыргыз өлкөмө, ата-энеме, туугандарыма, досторума жана жалпы Кыргыз элиме арнайм. Жеңишке жетиш үчүн мээнет кылдык, ошол мээнетибизге жараша жеңишке жеттик. Кудайга шүгүр", - деди ал.
Айта кетсек, бул жеңиши менен Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыздын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди. Муну менен Кыргыз капчыгында жалпы 10 медаль болду, анын 1и алтын, 4ү күмүш жана 5и коло медаль.