Кыргыз спортчусу Жакшылык Уранов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын жиу-житсу боюнча мелдеште 5-орунду ээледи.
Бүгүн, 24-августта Жайкы Азия оюндарынын жиу-житсу боюнча мелдеш старт алды. Анда 69 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Жакшылык Уранов жана Төрөкан Багынбай уулу катышты.
Төрөкан Багынбай уулу мелдештин финалына өтүп алтын медалга татыса, Жакшылык Уранов коло медаль үчүн күч сынашты.
Ал 3-орун үчүн беттеште таиланддык Бантоп Лертхайсонг менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында таиланддык спортчу 5 упай топтоп, 5:0 эсеби менен коло медалдын ээси болду. Ал эми Жакшылык Уранов 5-орунга татыды.
Мелдештин жүрүшүндө Жакшылык Уранов алгачкы беттешинде түркмөнстандык Арслан Сетдаровду 2:0 эсебинде утуп, жарым чейрек финалда арабиялык Али-Ахмед Сабахты таза жеңиш менен утуп алды. Чейрек финалдык беттеште Уранов, тилекке каршы, Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талибден утулуп калды, бирок ал финалга өтө алганы үчүн Жакшылык Уранов коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Жарым финалда Уранов иорданиялык Халеб Алхарашех менен беттешип, аны таза жеңиш менен утуп алган.
Ошондой эле 56 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз спортчу Ариет Бекишов катышкан. Ал алгачкы беттешинде кытайлык Лю Хсунг Конгду утуп, чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Навад Хамадга утулуп калды.
Маалымдама: Жиу-житсу - япон күрөшүнүн түрү. Анда спортчулар куралсыз коргонуунун өзгөчө ыкмалары боюнча беттешет.