Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында волейбол боюнча мелдешке Кыргыз курама командасы Индонезия курамасынан жеңилип калды.
Бүгүн, 24-августта Жакарта шаарындагы "GBK Tennis Indoor" аренасында волейбол боюнча мелдештин "А" тайпасында Кыргыз менен Индонезиянын курамалары кез келишти.
Беттештин жүрүшүндө индонезиялык волейболчулар алгачкы 3 партияда тең утуп, жеңишке жетти. Биринчи партияда индонезиялыктар эсепти 21:25, экинчи партияда 17:25 жана 3-партияда 20:25 кылып кетти.
Муну менен Кыргыз курама командасы "А" тайпасында 2-ирет жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеди.
Буга чейин Кыргыз курамасы Сауд Арабия менен беттешип 1:3 эсеби менен утулуп калган.