Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алып, 1-турдун беттештери өттү.
Аталган мелдешке 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин алгачкы күнү ар бир тайпадан 1 беттеш өттү.
Алгачкы беттеште Бишкектин "Арашан" командасы менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командалары кез келишти. Беттештин 3-бөлүгүндө жыйынтык 4:4 деп катталып, командаларга кошумча 10 мүнөт берилди. Кошумча убакытта командалар тай казанга улак таштай албай, булиттер сериясы орун алды. Анда "Арашан" командасы алгачкы 2 улагын тай казанга таштай албай 3-мүмкүнчүлүгү менен гана колдоно алды. Ал эми "Толкун" командасынын улакчылары 3 улакты таштады. Жыйынтыктоочу эсеп 5:7 болуп, "Толкун" командасы жеңишке ээ болду.
Күндүн 2-беттешинде "Четинди" (Чүй) менен "Сокулук" (Чүй) командалары кез келди. "Четинди" командасы атаандашынын тай казанына 4 ирет улак таштаса, "Сокулуктун" улакчылары 1 улак менен гана жооп бере алды. "Четинди" 3 упайга ээ болуп эсеп 4:1 менен аяктады.
3-беттеште Чүйдүн дагы 2 командасы күч сынашты. Анда "Нурлан Көк-Жал" менен "Төш-Булак" командалары кездешип жакшы оюнду көрсөтө алышты. Жыйынтыктоочу эсеп 2:1 болуп, "Нурлан Көк-Жал" жеңишке ээ болду.
Күндүн акыркы беттешинде таластык "Бакубат-Талас" командасы менен бишкектик "Келечек" командалары таймашты. Беттештин жүрүшүндө "Бакубат-Талас" атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей 9:0 ири эсебинде жеңишке жетти.
Эртең, 25-августта тайпалык баскычтын 2-туру өтүп, анда дагы 4 беттеш орун алат.
24-августта өткөн беттештердин жыйынтыгы:
25-августта орун ала турган беттештер: