Балбан Айпери Медет кызы: "Алтын медаль алганга толук мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок кичине ката кетирип алдым"

24-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан балбандар кайтып келишти.

Анда кыз-келиндер арасындагы мелдеште коло медалды тагынган, жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы SUPER.KG порталына мелдеш тууралуу айтып берди.

"Мен жалпы 4 беттеш өткөрдүм, колумдан келген күчүмдү жумшап коло байгенин ээси болдум. Алтын медаль алганга толук мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок кичине ката кетирип алдым. Бул мелдеште бир аз физикалык жактан даяр болбой калдым. Эми бул каталардын үстүнөн иштеп, мындан кийин боло турган мелдештерге жакшы даярданып алтын медаль утканга аракет кылам. Бул жеңишимди Кыргыз элине арнайм. Ошондой эле машыктыруучуларыма ыраазычылык билдиргим келет. Бул менин гана эмес, бүткүл Кыргыздын жеңиши".

Эске салсак, Айпери Медет кызы 3-орун үчүн беттеште монголиялык Орчибат Насанбурма менен кез келген. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы 4 упайга ээ болуп, 4:2 эсеби менен жеңишке жеткен.

Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monster_high_98
2018-08-25 06:16:55
Азамат,Айсулуу эжесин тартса деле,алдыда кооп ийгиликтер кутуп турат!
+3
rysik79
2018-08-25 08:52:17
Биз учун алтын эле тук да ойлонбогула даагы да буйруса коп мелдештер алдыда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан