24-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан балбандар кайтып келишти.
Анда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалды тагынган, Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков SUPER.KG порталына мелдеш тууралуу айтып берди.
"Азия оюндары Олимпиададан кийин эле 2-орунда турат. Утулуп калганымдын себеби - өзүмдүн катачылыгым. Тактикалык жактан көп ката кетирип ошон үчүн утулуп калдым. Келечекте машыктыруучуларыбыздын, агайларыбыздын жана Кыргыз элимдин үмүтүн актайм, кийинкиде алтын байге менен келгенге аракет кылабыз.
Мелдеште 3-орунда болуп калдым. Мен буга нааразымын. Анткени мен өз салмак ченимде алдыңкы спортчулардын катарында болчумун. Өзүм тактикалык ката кетирип койдум. Эгерде финалга чыксам мен алтын медалды алмакмын", - деп айтты спортчу.
Эске салсак, Үзүр Жусупбеков 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып коло медалды тагынган.