Вице-премьер: "Инвестициялар программасын тийиштүү түрдө аткарбаган жетекчилер жоопкерчилик тартат"

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2018-жылдын 1-жарымында мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун бюджетин аткаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Өкмөт өлкөнүн экономикасына тышкы инвестицияларды тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Ошону менен бирге экономиканын өнүгүүсүн, инфраструктураларды модернизациялоону, социалдык жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууну камсыздаган жеңилдетилген насыялар же гранттар тартылууда. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, министрликтер жана мекемелер тарабынан мамлекеттик инвестициялар бюджетин начар аткаруу тенденциясы байкалууда", - деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик инвестициялар бюджетинин каражаттарын өздөштүрүүнүн төмөн деңгээли мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруудагы көйгөйлөрдү күбөлөндүрөт. Алардын арасында бюджеттик пландаштыруунун сапатынын төмөндүгүн жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу созулуп жатканын белгиледи.

"Мамлекеттик инвестициялар долбоорлор каражаттарынын 70 пайыздык өздөштүрүлүшү бюджеттик пландаштыруунун төмөнкү сапатын көрсөтөт. Долбоорлордун бюджетин тийиштүү түрдө аткаруу үчүн финансылык тартипти күчтөндүрүү жана аткаруучулардын жеке жоопкерчилигин аныктоо керек. Буга катар долбоорлорду каржылоо сапатын жогорулатуу менен алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү активдештирүү, аны ишке ашырууда бирге иштешкен тараптардын тыгыз байланышын камсыздоо, ички мамлекеттик процедураларды оптималдаштыруу зарыл", – деди ал.

Замирбек Аскаров 2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы боюнча өкмөттүн кеңири курамдагы жыйыны өткөрүлө турганын белгиледи. Анда мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууга жоопкер жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин орун басарларына тартиптик чара колдонуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан