Бишкектин эң мыкты 20 мектеби аныкталды

Бишкек шаарынын эң мыкты 20 мектеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"24-августта №95-мектеп-гимназиясынын имаратында Бишкектин билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жетекчилери катышкан конференция өттү. Анда Бишкектин билим берүү мекемелеринин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип, соңунда 20 мектептен турган эң мыкты билим берүү мекемелеринин рейтинги жарыяланды.

Бишкектин эң мыкты мектеби болуп Е.Якир атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейи табылса, алдыңкы үчтүктү №70 мектеп-гимназиясы жана Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясы толуктады.

Рейтингди түзүү үчүн райондук, облустук, республикалык олимпиада, "Алтын тамга" окуучулар арасындагы долбоорлор сынагы, англис тилинен "Билимкана" олимпиадасы, экономика боюнча VII шаардык олимпиада, чет тилдер боюнча кичи олимпиада жана Москвада өткөн II эл аралык мегаполистердин олимпиадасында көрсөткөн окуучулардын билиминин жыйынтыгына көңүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ailin8818
2018-08-26 14:38:59
Ош шаарындагы мектептердин мыктыларын аныктап берсениздер.кызыбызды кайсы мектепке берууну ойлонуп журобуз
0
jypara1415
2018-08-26 23:19:33
ailin8818, Агахан , Олимп , Себат ,
Ломоносова , Жетиген .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан