Эртең, 2-июлда Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун акими ушул жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчёт берет. Отчёт жыйынына жергиликтүү кеңештин депутаттары райондун 2013-2015-жылдарга карата стратегиялык планы жана аткарып жаткан иштери боюнча маалымат алат. Мындан сырткары мөөнөтү бүтүп калган аймактык шайлоо комиссиясынын курамы толукталып, курамга мүчө болууну каалагандардын иш кагаздарын карашат. Аталган чогулушка район боюнча 13 айыл аймактын айылдык кеңештеринин 140тан ашык депутаттары катышышат.