2-июлда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда
700 жаш дарыгер Гиппократтын антын берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү И.Ахунбаев
атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү жогорку билим
алгандыгы тууралуу дипломдорун алышмакчы. Иш-чарада белгилүү ырчылар жана
студенттер концерт тартуулашмакчы.