Чүй районунда жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапты

Чүй районунда жол кырсыгы болуп, 4 адам каза тапканын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 30-июнда болжол менен саат 01:45те Бишкек-Торугарт унаа жолунда болгон. Маалым болгондой, Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 35 жаштагы Келдибек А. рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1979-жылы туулган Алиев Бейшенбек, 1978-жылы туулган Жазира Аязбекова, 1975-жылы туулган Айдар Молдогазиев жана өздүгү толук тактала элек Назгүл аттуу жаран каза болду. Ошондой эле 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Чүй райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан