Жайкы Азия оюндары: Кыргыз өлкөсү 45 мамлекеттин ичинен 17-орунда. Биринчиде Кытай (рейтинг)

Индонезиянын Жакарта жана Палембенг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 16 медаль менен 17-орунда келе жатат.

Жайкы Азия оюндарында жалпы 45 мамлекеттин спортчулары катышып жатат. Медалдык эсепте азырынча 1-орунду 174 медаль менен Кытай курамасы ээлеп жатат, анын эсебинде 78 алтын, 59 күмүш жана 37 коло медаль бар.

2-орунда Япония жайгашкан, анын капчыгында 123 медаль, анын ичинен 40 алтын, 34 күмүш жана 49 коло медаль бар.

3-орунда жалпы эсеп менен 94 медалдын ээси Түштүк Корея курамасы, анын капчыгында 27 алтын, 30 күмүш жана 37 коло медаль бар.

Быйылкы Азиада да Кыргыз спортчулардан алтын медалдарды Кыргыз капчыгына жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу, жеңил атлетика боюнча мелдеште Дарья Маслова алып келди. Күмүш медалдарды Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов жана Нурсултан Алымкулов тагынды. Ал эми коло медалдардын ээлери Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Иззат Артыков, Абдурахман Муртазалиев, Муртазали Муртазалиев, Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
maks94.kb
2018-08-27 09:21:01
Коншулардан калып калган экенбиз
-1
kechirmeni
2018-08-27 09:24:00
жалпы канча мамлекет катышкан, 17 мамлекет катышып 17-орунда келаткан жокпузбу акыры
-15
nelya88
2018-08-27 09:42:07
kechirmeni,ортодобуз
0
Baktikan
2018-08-27 11:09:53
kechirmeni,Menin bilishimche 35 mamleket
0
Aisha02
2018-08-27 11:55:35
kechirmeni,
45 мамлекет катышып атат
0
CHOTON_86
2018-08-27 13:34:18
kechirmeni, Сен бир нерсе окуганда маани
бересинби)))
0
kechirmeni
2018-08-27 15:49:35
CHOTON_86,Жайкы Азия оюндарында жалпы 45 мамлекеттин спортчулары катышып жатат дегенди кийин кошуптур
+1
Dalil
2018-08-27 09:56:07
Коңшу Казахстан жана Өзбекстан менен бизди калктын саны жана спортчуларга түзүлгөн шарты боюнча да салыштырып болбойт. Аларда биздегиге караганда алда канча жогорку деңгээлде шарттар түзүлгөн. А бизде көпчүлүгү жеке демөөрчү же өзүнүн капчыгынан даярданып барышат. Эгер бизде да жакшы шарттар түзүлсө мындан да мыкты деңгээлге жетишет деп ишенем.
+7
Ibrahim1122
2018-08-27 09:58:51
1 алтын болгондо 14-орунга которулмок экенбиз
+7
Edward.14
2018-08-27 10:39:56
Жакшы корсоткуч.Буйруса дагы алтын медаль алышат деген умуттобуз.
Ийгилик!
+1
monster_high_98
2018-08-27 10:49:07
Интернетте бир озбек улутундагы адам маалымат таратыптыр,Дарья Маслованы колдогондор аз болду,женгенде куйормандары желек беришсе аны корсотмок,бирок номерин алып майкасынданы кыргыз желегин корсотуп гана тим болду.Жалпы куйормандары 5-6дой эле болду окшойт деп маалымат таратыптыр!Ээххх аябай кыжаалат кылды ушул кабар. Озу да кандай абалда калды экен.Кыргызстанга келгенде татыктуу тосуп алсак жакшы болоор эле,ошол алган алтыны менен да рейтингди жогорулатты го!?
+8
murat17
2018-08-27 12:43:34
monster_high_98,даа тура айтасын Даша красава
0
a.sheralievic.91
2018-08-27 10:50:03
Админ "пенчак силат " боюнча спортсменибиз финалга чыкты дедиңер эле жыйынтыгын жазып койгулачы
0
Aisha02
2018-08-27 11:55:11
a.sheralievic.91, жарым финалга жетип барышып утулуп калышты.
0
Dembele84
2018-08-27 11:04:01
Кытай медалдын жарымынан кобун эле утуп алыптыр го,алардын дагы дуйнолук,олимпиада чемпиондору келбесе керек,алары келсе андан да коп медалды алып кетмек.Биздикилер жакшы эле жыйынтык коргозуптур ошончо мамлекеттин арасынан 17-орун жаман эмес.
+1
Muslim_KGstana.
2018-08-27 13:43:05
Бравооооуууууу
0
Kgda
2018-08-27 15:35:46
Сооронбай Жээнбекоа бийлике келгени спортон эле корунуп калды кучтуу президент кучтуу команда, буйруса алдыда Токио 2020 турат ошондо коробуз. Президенттин ишмердуулугун.
0
monster_high_98
2018-08-27 17:23:20
Kgda,Кыйратып жатат!
+1
Ulanbek1992
2018-08-27 18:26:19
20-орунга түшүп калды..((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан