Дональд Трамп аны канча пайыз америкалык колдой турганын айтты

"Америкалыктардын 52 пайызы мени колдойт". Мындай пикирин АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бийликте турган "Республика партиясынын" мүчөлөрүнүн 90 пайыздан ашыгы президентти колдойт. АКШ лидери өзүнө карата фэйк ЖМКлар каралоочу маалыматтарды таратканына карабастан анын аброю түшө электигин айткан.

Бирок Трамп "52 пайыз америкалык мени колдойт" деген маалыматтын булагын жазган эмес. Акыркы сурамжылоолорго таянсак, бул көрсөткүч 46 пайызды түзгөн.

Ал АКШнын 45-президенти болуп 2017-жылдын январынан тарта иштеп келүүдө.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Daak9091
2018-08-27 10:42:11
Ушуну президент деп ким айтат ай ушун жанакы самара дегендерге окшоштура берем да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан