Бүгүн, 1-июнда президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебекти кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчы Кыргызстандагы этникалык биримдикти бекемдөө багытында кызматташкандыгы үчүн ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Кнут Воллебекке мындан аркы кызматташуудагы ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалап өттү.