Кыргыз оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 9 спортчунун арасында 5-орунду ээлеп калды.
Оор атлетика боюнча мелдештин 94 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Бекдөөлөт Расулбеков катышкан. Ал жулкуп көтөрүүдө 165 килограммдык штанганы, түртүп көтөрүүдө 201 килограммды көтөрдү. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 366 килограммды түзүп, бул көрсөткүчү менен 5-орунду ээлеп калды.
Бул салмак ченинде 1-орунду ирандык спортчу Моради Сохраб ээледи, ал жалпы 410 килограмм салмактагы штанганы көтөрө алды. 2-орунда 381 килограмм жыйынтыгын көрсөткөн катардык Элбах Фарес болсо, 3-орунда 380 килограмм көрсөткүчү менен таиланддык Сарат Сумпрадит болду.