Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда “Кыргызстандын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону Кыргызстандын өкмөтү бекитет. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.