Бүгүн, 27-августта Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралды.
БШКнын мүчөлөрү Кененбаевди мандатынан ажыратуу чечимин бир добуш менен колдоду.
17-августта Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Ал 1976-жылы 6-июнда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
Билими:
1993-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин "бухгалтердик эсеп, чарба ишмердигин көзөмөлдөө жана анализ" адистигин бүтүргөн.
2000-2003-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, "юрист" адистигине ээ болгон.
2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын "менеджмент" адистиги боюнча магистратураны окуган,
Эмгек жолу:
"Alma Group" ЖЧКсынын башкы директору.
2012-жылы КСДП партиясынын тизмеси аркылуу Бишкек шаардык кеңеште депутат.
2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган.