Журналист Мамыркулова БШКнын мүчөлөрүнө: "БШК Ош менен Бишкектин мэрлерине эмне үчүн артыкчылык берип жатат?"

Бүгүн, 27-августта Борбордук шайлоо комиссиясы журналист Канышай Мамыркулованын Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болгон арызын карап жатат.

Анда Мамыркулова өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы "Кыргызтест" аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ керектигин айтты.

"Президент "Кыргызтесттен" өтүп жатса, эмне үчүн Ош менен Бишкек шаарынын мэрлери сынактан өтпөйт. Аларга эмне үчүн артыкчылык берилип жатат?" - деди журналист.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Бишкек шаарынын статусу жөнүндө" , "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде шайлоолорду өткөрдүк. Ал жерге бул талап кирбей калган. Биз бардык деңгээлдеги шайлоолорго бул талапты киргизүүнү сүйлөшүп жатабыз. Жогорку Кеңешке сунуштайбыз", -дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан