Бүгүн, 27-августта Борбордук шайлоо комиссиясында журналист Канышай Мамыркулованын Бишкек мэри Азиз Суракматовдун тил билүү деңгээлине нааразы болгон арызын карады.
Анда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Суракматовду мамлекеттик тил боюнча сынагынын жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндөгү талабын канааттандыруудан баш тартылсын жана өкмөттүн токтомуна ылайык, мэрди "Кыргызтест" сынагынан өтүүсүн сунуштады.
Канышай Мамыркулова чечимге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду дагы бул сынактан өтүүсүн кошуп коюуну суранды.
Жыйынтыгында жогорудагы чечимге БШКнын 6 мүчөсү "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди. Шайлдабекова бул маселе жыйындын күн тартибине жаңы эле киргизилгендиктен айрым мүчөлөр маалымат менен таанышып чыгуусу керектигин айтып, добуш берүүнү кийинки жыйынга калтыруу сунуштады. Анын сунушу колдоо тапты.