Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда жайгашкан №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын эскилиги жетип, жаңылоого муктаж. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдап, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Билдирүүгө ылайык, анын сырты да, ичи да оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
"Оңдоп-түзөй турган деле эч нерсеси калган жок, сыртындагы шыбактары урап түшкөн, ичинде полдор чирип, сырлары сыйрылып кеткен. Ичи караңгы, уюлдук телефондордун жарыгы менен бара турган бөлмөлөрдү табасың. Узун, караңгы залда кезек күткөндөрдү көрүп 21-кылымда жашап жатканыма ишенбей кетем. Айтор мында иштегендерди да, ага келгендерди да аяйсың", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.