Бүгүн, 27-августта рэп аткаруучу Баястан менен бийчи Зульфиянын үлпөт тою Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде өтүп жатат. Ак тойго эки жаштын ага-туугандары, достору жана шоу-бизнес өкүлдөрүнөн "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери, рэпер Бегиш, ырчы Аско, Айдана Дека, футболчу Азамат Байматов, шоумен Бакыт Байсариев жана башкалар келишти. Ал эми бүгүнкү тойдо Эркин Рыскулбеков алып баруучулук кызматты аркалоодо.
Той эки жаштын ак бийи жана никесин мыйзамдаштыруу менен башталды. Тойдо кызыктуу оюн-зооктор ойнотулуп, келген меймандар ырдап, бийлеп чер жазышууда. Түгөйлөрдүн жакшылыгы орус жана кыргыз тилинде өтүп жатат.
Толук маалыматты "Супер-Инфо" гезитинин №826-санынан окуй аласыздар.