ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Москвада Кыргыздын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештер волейбол боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз"

Москва шаарында Кыргыздар арасында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" бүгүн, 27-августта маалымдады.

Билдирүүдө айтылгандай, мелдешти Кадамжай районунун жаштары уюштурууда.

"Мындай иш-чаралар алыста жүргөн мекендештердин ынтымагын бекемдейт, бири-бири менен жакшы тааныш болууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары мекендештер топтолгондо төрөлгөн жерге болгон сагыныч аз болсо да тарайт. Кыргыз мигранттары Москвада жакшы эмес жүрүм-туруму менен эмес, мекенин сүйгөн жаштар катары билинсе деген тилек менен Кыргыз өлкөсү үчүн маанилүү күнгө карата ушул мелдешти өткөрүп жатабыз", - деп жазган окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurshoola
2018-08-27 19:05:33
Кайсы метродо болот адрессин жазгыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан