Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Никита Цой таэквондо ITF боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын таэквондо ITF федерациясынан билдиришти.
Аталган мелдеш Беларустун Минск шаарында өтүп, ага 56 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдеште Дильшот Курбанов жана Никита Цой 17 жашка чейинки категорияда күч сынашты.
Никита Цой 57 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште япониялык спортчуну, андан соң 2 беттеште камбоджалык спортчуларды утуп жарым финалга аттанган. Жарым финалда Никита Цой казакстандык таэквондочуга туш келген, кызуу беттештин жыйынтыгында кыргыз спортчусу ага утулуп, 3-орунду ээледи.
Ал эми Дильшот Курбанов 63 килограмм салмак ченинде катышып, алгач аргентиналык спортчуну утуп, жарым чейрек финалда украиналык мушкерден жеңилип калды.