УКМК экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтык унаасынын номурунун жоголушуна тиешеси жок экендигин билдирди
УКМК экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтык
унаасынын мамлекеттик (15KG) номурунун жоголушуна тиешеси жок экендигин
билдирди. “Турсунбек Акун УКМКны күнөөлөгөнү таң калуу жаратты. Биринчиден,
мындай номурлуу унаа эми Турсунбек Акунга тиешелүү эмес. Ошондой эле УКМКнын башка маанилүү
иштери көп”,- деп жазылган
билдирүүдө. Эске сала кетсек, Турсунбек Акун 29-июнда белгисиз бирөөлөр кызматтык
унаасынын (15 KG) номурун уурдап кетишкенин айтып: “Мени менен байланышкан
окуялардан соң УКМКнын кызматкерлеринин колунан келген иш”,- деп билдирген.