Кечээ, 27-августта Бириккен улуттар уюмунун Гаагадагы эл аралык соту Ирандын АКШга карата дооматын кароону баштады. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, соттук угуу 4 күнгө созулат.
Маалыматка ылайык, Ирандын сотко кайрылуусуна Вашингтондун бир жактуу санкциялары түрткү болгон. Иран бийлиги АКШны 1955-жылкы эки өлкөнүн “Достук, экономикалык байланыш жана консулдук укук” тууралуу келишимин бузду деп айыптоодо.
Тегеран өз дооматтарында АКШнын Иран ядролук келишиминен чыгуусу жана бир жактуу санкциялардын күчөгөндүгү, Вашингтондун келишимди бузгандыгына далил болуп бере аларын айткан. Ал эми Вашингтон болсо Иран бийлигинин дооматтарын четке кагууда.
Ушул жылдын 8-майында АКШнын президенти Дональд Трамп Иран ядролук келишиминен чыга тургандыгын маалымдаган. Ошондой эле ал Иранга эле эмес, бул өлкө менен соода-сатык алакасы бар өлкөлөргө да санкция киргизерин билдирген.