Жайкы Азия оюндары: Кыргыз өлкөсү медалдык эсепте 21-орунга түшүп калды

Индонезиянын Жакарта жана Палембенг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 16 медаль менен 21-орунга түшүп калды.

Жайкы Азия оюндарында жалпы 45 мамлекеттин спортчулары катышып жатат. Медалдык эсепте азырынча 1-орунду 191 медаль менен Кытай курамасы ээлеп жатат, анын эсебинде 86 алтын, 62 күмүш жана 43 коло медаль бар.

2-орунда Япония жайгашкан, анын капчыгында 136 медаль, анын ичинен 43 алтын, 36 күмүш жана 57 коло медаль бар.

3-орунда жалпы эсеп менен 106 медалдын ээси Түштүк Корея курамасы, анын капчыгында 28 алтын, 36 күмүш жана 42 коло медаль бар.

Кыргыз капчыгына алтын медалдарды жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу, жеңил атлетика боюнча мелдеште Дарья Маслова алып келди. Күмүш медалдарды Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов жана Нурсултан Алымкулов тагынды. Ал эми коло медалдардын ээлери Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Иззат Артыков, Абдурахман Муртазалиев, Муртазали Муртазалиев, Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tulpar90
2018-08-28 11:52:29
Түркмөнстан катышкан эмеспи?
0
Aisha02
2018-08-28 12:23:09
tulpar90, катышкан. Ылдыйда
0
Mirkgz-1990
2018-08-28 12:13:52
Озбектер кучтууго
0
baisogur
2018-08-28 12:16:30
Медалдар саны бойунча алдындабыз адам санына салыштырмалуу
0
TalaCSKA
2018-08-28 12:19:57
Буюрса бокстан алтын алабыз !!!
0
tulpar90
2018-08-28 12:46:26
TalaCSKA, Азат Усеналиевби?
0
Dembele84
2018-08-28 12:45:54
Хотя бы туркмон,тажиктерден алдыда экенбиз)))
0
sakuna
2018-08-28 13:05:28
алида болсо кеч эми, ийгиликтерди каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан