Египеттик 26 жаштагы футболчу Мохаммед Салах үчүн испаниялык "Барселона" 250 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "Барселона" Салахты сатып алуу сунушу менен англиялык "Ливерпуль" клубуна 2019-жылдын жай мезгилинде кайрылышы мүмкүн. "Барселона" клубунун жетекчилиги Мохаммед Салахты Лионель Мессинин улантуучусу, мураскору катары баалашууда. Ошондой эле франциялык ПСЖ клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппени да сатып алуу ниеттери бар", - деп жазышат басылмалар.
Салах англиялык "Ливерпуль" клубуна 2017-жылдын жайында келген. Буга чейин эң кымбат трансфер катары Неймардын "Барселонадан" ПСЖга өткөнү эсептелип келген. Франциялык клуб аны сатып алуу үчүн 222 миллион евро короткон. Эгер Салахты "Барселона" 250 миллион еврого сатып алса, анда бул трансфер Неймардын рекордун жаңылайт.