Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, олигарх, качкын Мухтар Аблязовго мыйзамсыз түрдө Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы паспорт ким тарабынан берилгендигин Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы, УКМК жана Казакстандын атайын кызматтары иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Казакстанга паспортко түшүрүлгөн сүрөттө Аблязов чагылдырылгандыгын тактап берүү өтүнүчү жиберилген. Казакстандын атайын кызматы Нурдин Осмоновго тиешелүү паспорттогу сүрөттө Аблязов экендигин билдиришкен. Учурда бул кылмышка кимдин катыштыгы бар экендигин иликтөө үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.