SUPER TV'нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" рубрикасынын коногу ырчы Данияр Эрматов болду. Колуна микрофон кармап, сахнада ырдап гана жүргөн ырчылар тиричиликте кандай? Байкап көрүүнү чечтик.
Данияр Эрматов сейил бакты аралай балмуздак сатты. Бишкектин эс алып жүргөн тургундары жана коноктору ырчыны таңыркай карап, анын колунан балмуздак алып жегенге ашыккандар да көп болду. Сүрөткө түшкөндөр мындан көп. Дөңгөлөктүү кутуну сүйрөгөн ырчы балмуздактын идишин бат эле бошотту. Балмуздак ээси "мынчалык тездикте сатып түгөтө алчу эмесмин" дейт.
Соода-сатыгын кылып, ысыкта балмуздак саткан Данияр Эрматов математикадан бир аз кыйналып, сүрдөгөндүктөнбү, акчага кайтарым кайрып берүүдөн да адашып жатты.
Бул тууралуу видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.