Бүгүн Токтогул районунда "КСДП Атамбаевсиз" ураанынын астында жыйын болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов билдирди.
"Буга чейин мындай жыйындар Чүй облусунун 3 районунда өткөрүлгөн. Ал жыйындарда "КСДП Атамбаевсиз" деген резолюция кабыл алынган", - деди Абдрахманов.
Уюштуруучулар кошумчалагандай, бул жыйынга КСДП партиясынын жергиликтүү мүчөлөрү жана район тургундары катышат.
Буга чейин Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДП лидерлигинде отурууга Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Москва, Панфилов жана Сокулук райондорунда жыйындарды өткөргөн.