ЖЫЛНААМА, 28-АВГУСТ: "Кинг-Конг" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актёр Жек Блэк 49 жашка чыкты

Бүгүн америкалык актёр, музыкант Жек Блэк (толук аты-жөнү Томас Жек Блэк) 49 жашка чыкты. "Tenacious D" рок-тобунун мүчөсү, "Алтын глобус" сыйлыгынын 2 жолку лауреаты (2004, 2013) 1969-жылы 28-августта АКШнын Калифорния штатында төрөлгөн.

Карьерасы

Джек Блэк 1994-жылы Кайл Гэсс менен бирге "Tenacious D" тобун түзүп ырдап чыккан. Аталган топто Блэк акустикалык жана электр гитарасында ойнойт жана алар бүгүнкү күндө да популярдуулуктан түшө элек.

Блэк актёр катары алгач 1989-жылы Эдинбургдагы фестивалда Тим Роббинстин постановкасында чыккан. Биринчи жолу тасмага 1992-жылы тартылса да, башкы каармандын ролун 2000-жылы алган. Анда актёр чоң сахнада өзүнүн музыкалык талантын көрсөткөн.

2003-жылы актёр режиссёр Ричард Линклэйтердин "Рок мектеби" аттуу музыкалык комедиясына тартылат. Сын-пикирлердин көп айтылганына карабай "Алтын глобус" сыйлыгына сунушталган. Актёрдук карьерасында 51 тасмада роль жараткан. Жек Блэк актёр катары "Марс кол салат!", "Мамлекет душманы", "Кинг-Конг", "Гулливердин саякаты", "Жуманжи: Жунглинин чакырыгы"( 2017) тасмаларында роль жараткан. 2018-жылы "Ойлонбо, ал жөө алыска кете албайт" жана "Сааты бар үйдүн жашыруун сыры" аттуу тасмаларда образ жаратууга жетишкен.

"Муз доору" мультфильминде Зик аттуу жолборстун, "Суу алдындагы боордоштук" мультфильминде Ленни аттуу акуланын, ал эми "Кунг-фу панда" мультфильминин үч бөлүгүндө тең Мастер Понун образын жараткан.

Каза болгондугу тууралуу билдирүү

2016-жылы 5-июнда массалык маалымат каражаттары Жек Блэктин каза болгондугу жөнүндө маалымат таратышкан. Белгилүү болгондой, Жектин "Tenacious D" группасынын твиттердеги баракчасын белгисиз адамдар ачып ушундай кабар тараткан. Кийин ушул эле социалдык баракчадан актёр тирүү жана ден соолугу жайында экендиги жарыяланган.

Жек Блэк видео оюндарда

"Brutal Legend", "Broken Age" жана "Peter Jackson’s King Kong" видео оюндарында баш каармандын ролун ойногон.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү, жубайы Тана Хейден экөөнүн ортосунда Самюэль Жейсон жана Томас Дэвид аттуу балдары бар.

28-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-08-29 14:55:40
Брат жаш эле экенго:-)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан