"Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутат Жансейитов мени бычак менен сайды" дейт жабырлануучу

"Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов мени бычак менен сайды" деп бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына жабырлануучу Талантбек Жамангулов кайрылды.

Анын айтымында, ага факттын негизинде кылмыш иши козголду. "Бул жигит менен эч кандай мамилем жок. Булар бир туугандары менен Токмок шаарын ээлеп алышкан. Байкем экөөбүз 26-августта мал базарга барганбыз. Мени жөнү жок жерден бычактап салды. Бир нече жолу ичиме бычак менен сайды. Оор жаракат алып, шаардык ооруканада жатам. Арыз жазган жокмун, анткени РИИБде дагы анын туугандары иштейт экен", - дейт жабырлануучу.

КСДПнын Токмок шаарындагы координатору бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. Ал эми Тынай Жансейитов менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча маалымат түшө электигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
salimbek87.kg
2018-08-28 14:40:34
КСДПны жок эле кылып салыш керек айыпталуучу толук жазасын алсын эми көрөбүз соттор акыйкат иштей би же чөнтөккө иштейби
+1
bond02
2018-08-28 14:44:04
КСДПнын деле доору бутуп баратат, анан жабырлануучу курсакты бир тазалап койсон болмок.
+1
elebes86
2018-08-28 14:57:38
СДПКны жамандап бутпой койдунар го. Бироонун мышыгы олуп калса деле СДПКны байланыштырып. Атамбаевден кутулуу учун кылып жатышат.
-5
CEO1
2018-08-28 15:01:10
elebes86, КСДПга жалан ууру-каракчы, криминал, бизнесмен коррупционерлер чогулуп алышса, бири олтуром деп коркутса, башкасы бычак сайып журот. Учунчусу гектар гектар жерлерди ээлеп отурат хан сарай салып. Анан кантип айтпайсын...
+4
elebes86
2018-08-28 15:10:52
CEO1,Озун айтчы. Мейли СДПК жаман, криминал болсун, анда кайсы партия эн жакшы. Кимдин партиясында таза адамдар отурат жана аларды ким шайлады эле? Шадиев качып кеткенде кайсы партия унчукту, эч ким унчуккан жок. Бири да Жээнбековго же ГКНБга соз айттыбы, жок. Матраимов боюнча 120нын ичинен спикери баш болуп бироо соз суйлогон жок. Бирок Атамбаевди каалагандай сатып кетишти.
0
elebes86
2018-08-28 15:19:50
elebes86,
АША убагында Туштук Тундук жолун бутуром деп чуркады, Датка кемин, баардык конуштарга бекер газ кирип жатат, убагында ушунун баары АШАнын эмгеги болчу. Бирок буларды эч ким айтпайт. Ар кимиси жеке кызыкчылыгы же Жээнбековго жагынуу учун АШАны жамандап жатышат.
-3
CEO1
2018-08-28 20:32:15
elebes86, АША элге пайдам тийсин деп чуркабады, чон проекттерде чон чон сугунуп калайын деди. Бир Бишкек ЖЭБди кара, ал жерде 386 миллион доллардын жарымынан кобу жок. Ал эми берки проекттерде миллиарддап акча жоголсо керек. Цементтин килограмын 1,1$дан эсептетсе, аттишти 600$ эсептегендей, элдин казынасын шайкасы менен уурдаганы учун мактайлыбы Атамбаевди?!!
+3
ilgiz-kg01
2018-08-29 23:37:11
elebes86,ал проект Бакиев малында чыккан Атамбаев ишке ашырды анын негизинде канчалаган акчаларды доларларды озунун чонтогуно бурду ошо жакшыбы
0
CEO1
2018-08-28 14:58:57
Эй Соке, качан иштеп, качан тартип орнотосун ыя?!! Же сен бийликте турганда бул нерсе эзели болбосо да керек...

Саясатта журуп кимдин ким экенин жакшы билесин. Матраимовдор кланы Кара-Сууну, кайсы бир жарым криминал Ала-Буканы башкарып жатат. Буга окшогон фактылар толтура. Эми жогоруда соз болгон бири Токмокто "авторитет" окшойт. Арыз жазганда эмне, анын арызын ким карамак эле. Мусабаеваша чара коро албаган, буга чара кормок беленер?!! Соке менен Атамбаевдин КСДПсы.
+5
elebes86
2018-08-28 15:05:44
Атамбаевдин колдоосу болбогондо Бабанов Жээнбековду жон эле тебелеп кетмек да. Просто админис-к ресурс колдонуп коюшкан.
+2
CEO1
2018-08-28 15:07:34
elebes86, Бабанов да элдин добушун акчага сатып алып жаткан. Ага чейинки шайлоолордо да акча таратып келген. Акча тараткан адам таза адам эмес...
-3
Dilzat1631
2018-08-28 15:26:32
CEO1,anda Jeenbekov dele taza emes,akchany ujmush ele tarattygo al dele
+4
Dilzat1631
2018-08-28 15:33:49
Dilzat1631,ukmush
+1
CEO1
2018-08-28 20:33:28
Dilzat1631, Ооба, Соке да элдин добушун сатып алды. Ошон учун да жылыш жок олкодо...
+2
uli1234
2018-08-28 15:31:09
Атамбаев нак коррупционер
+2
elebes86
2018-08-28 15:36:21
Азыркы СДПК Атамбаевсиз деп жургон Сагынбек Абдрахманов жон гана азыркы Жээнбековторго жагынуу кошомат кылуу учун уюштуруп журот. Озубуз суроо берип королучу, ушул уюштуруп жургон адам буга чейин корунуктуу эмне жасаптыр? эч нерсе кылган эмес. Бирок элди бузуп болуп жарып ар кайсы жакта тентип журот. Мунун максаты СДПКны озуно тартып алуу. Бул адамды кобу билет, жеткен саткын кошоматчы адам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан