Токтогул району "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдоду

Жалал-Абад облусунун Токтогул району "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдоду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге коомдук ишмер, уюштуруучулардын бири Сагынбек Абдрахманов кабарлады.

Абдрахмановдун айтымында, бүгүн, 28-августта Токтогул районунда КСДПнын ардагер мүчөлөрүнүн жыйыны болду.

"Конференциянын максаты - Сокулук, Панфилов жана Москва районунда кабыл алынган резолюцияны кабыл алуу эле. Жыйында КСДПнын Токтогул району боюнча координаторунун да ишине оң же терс баа берилмек. Бирок ал адам жыйынга келбеген соң анын ордуна башка адамды шайлоо маселеси жаралды. Натыйжада, 11 айыл өкмөттөн келген делегаттар райондун координатору кылып Кылычбек Иманалиевди шайлашты. Жыйындын соңунда келген делегаттар бир добуштан "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды колдоп, резолюцияны кабыл алышты", - деди Абдрахманов.

Ал кошумчалагандай кийинки жыйын Токмок шаарында өтөт.

Буга чейин Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДП лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Москва, Панфилов жана Сокулук райондорунда жыйындарды өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан