Бишкекте кылмышкерлерди издөө кызматынын 100 жылдыгына арналган "Агентурист" тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 28-августта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде актёр жана режиссёр Нарбото Анарбаевдин "Агентурист" криминалдык тасмасы көрсөтүлдү. Аталган тасма Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы кылмышкерлерди издөө кызматынын 100 жылдыгына карата тартылган.

Тасмада крим-чөйрөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачуудагы таштай, тоодой эмгек чагылдырылган. Мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз иш-аракети бүтүндөй форма кийген кызматкерлерге чиркөө болуп, эл ишенген чоң мекеменин аброюн түшүргөнүн аталган фильмден көрүүгө болот. Фильм карапайым калк менен ИИМдин кызматкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты кандай жүргүзсө болорун, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн кандай ыкмалары натыйжалуу экенин ачып берген. Андагы орган кызматкери мыйзамсыз курал-жарак сатып, көралбастыктын айынан жанындагы шеригинен арылып, кытмыр ишин улантат. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, бир жамандын кесепети бир канча адамдардын өмүрүн кыят. Окуя мындан ары кызып, жыйынтыгында кылмыштуулуктун бети ачылат.

Ал эми тасма Ош шаарында 1 ай аралыгында тартылган. Анда белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев, Тимур Маматкулов, Бектур Абыл, Мурат Сатаров, Диана Алмазбекова, Эдил Бакаев, Омор Акматалиев жана башкалар роль жараткан. Фильм милициянын полковниги, манас изилдөөчү Маматибраим Самиевдин "Агентурист" чыгармасынын негизинде тартылган.

Фильмдин жабык көрсөтүлүшүнө ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Маматибраим Самиев жана тасманын жаратуучулары келишти.

Кыргыз милициясынын турмушун чагылдырган "Агентурист" тасмасы эл сынына коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан