Депутат Кожобек Рыспаев: "Биз Кытай өлкөсү насыяларды бергенине ыраазы болушубуз керек"

Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди.

Рыспаев да Кыргыздын эң көп карызы Кытай өлкөсүнөн алынганын баса белгиледи. "Бир четинен Кытай өлкөсү насыяларды бергенине ыраазы болушубуз керек. Бул нерсени достук мамиле деп коёт. Кытайдан алынган насыялар энергетикалык секторго, жол курууга алынган. Көпчүлүгү өзүн-өзү актай албай турган насыялар. Элди дагы ушул маселе түйшөлтүп жатат. 2020-жылдан тарта насыяларды төлөө мөөнөтү келип баштайт. Ошондуктан аткаруу бийлиги, президент, депутаттар коңгуроо кагып, карызды төлөөгө аракет көрүшү керек", - дейт Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Зиядин Жамалдинов, Улан Примов, Акылбек Жамангулов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан