Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын көпчүлүгү Ысык-Көл районунда жайгашкандыктан, аталган аймактагы быйылкы туристтик сезондогу коопсуздукту сактоого милиция кызматкерлери бөлүндү. ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, учурда облус боюнча 183 эс алуу жайы иштөөдө. Аларда 32 миң 463 орун бар, ал эми жеке менчиктеги эс алуучу жайларда 20 миңден ашык орун болуп, бир суткада 50 миңге жакын адам эс алат. Белгилей кетсек, облуска туристтик сезонго карата ИИМдин академиясынан 168 курсант келип, алар ар бир эс алуу жайга бөлүнүштү. Облустук ИИБи тарабынан 120 кызматкер туристтик аймактарга жөнөтүлүп, аларга жардам катары министрлик тарабынан 10 МАИ кызматкери иштеп жатат. "Ошондой эле сезонго карата Бостери айылында атайын штаб түзүлүп, 5 мобилдүү топ иш алып барып, 5 көчмө милиция тобу иштешет",- деп кошумчалады Усубакунов.