Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "Карызды Кытай эле эмес, башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия да рычаг катары колдонушу мүмкүн"

Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.

Ал карызды Кытайлар Кыргыз өлкөсүнө зордоп берген эмес дейт.

"Бул карыздар Кытайдын басымы эмес, жардамы. Алар карыз алгыла деп бизди зордогон жок. Каражатты биз сурап жатабыз да. Кытайлар карызыбызды кайсы бир маселени чечүүдө рычаг катары колдонушу мүмкүнбү десек, туура болот. Албетте, Кытай эле эмес, башка мамлекеттер, анын ичинде Орусия да мындай жолго бармак. Карызыбызды азайтуу үчүн эң биринчи коррупцияны жоготуу керек. Коррупция менен күрөш ачык жүрсө гана ишке ашат. Кандай долбоор болбосун коомчулукка так маалымат берилүүсү шарт. Албетте, карыз болгондон кийин төлөйбүз. Бул талкууланбай турган нерсе. Карызды азайтууга системдүү реформа талап кылынат. Биз парламенттик башкарууга толук өтүшүбүз зарыл. Болбосо жогору жактан депутаттарга басым кылып, мыйзамдарды кабыл алдырышууда. Конституцияда бардык күч түзүмдөрү президенттин колунда болуп жатат. Өлкөнүн башкаруу формасын карап чыгып, парламентти күчтөндүрүү керек", - деди Качкынбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Зиядин Жамалдинов, Улан Примов, Акылбек Жамангулов жана Марлен Маматалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан