Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарынын алкагында биринчи жолу жеңишке жетишти

Волейбол боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарынын алкагында Казакстан курамасын утуп алды.

Бүгүн, 28-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында волейбол боюнча улуттук командалар 13-18-орундар үчүн беттешти. Анда Кыргыз курама командасы Казакстан курамасы менен кез келди.

Беттештин биринчи партиясында Кыргыз волейболчулары оюндун нугун башкара алганы менен 27:29 эсебинде жеңишти тарттырып жиберишти. Экинчи партияда 25:23 эсебинде жеңишке жетишти. Үчүнчү партияда Казакстан командасы алдыга озуп, 23:25 эсеби менен жеңишке жетишсе, төртүнчү партияда Андрей Анкудиновдун шакирттери 25:23 эсебинде жеңишке жетишти. Чечүүчү бешинчи партияда Кыргыз волейболчулар 15 упай алып, жалпы 15:7 эсеби менен жеңишке жете алды.

Муну менен Кыргыз волейболчулары Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында алгачкы жолу жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TalaCSKA
2018-08-28 19:18:57
Жарайсынар жигиттер медаль болбосо да спорт жагынан элдешкис атандаш болгон Казахстанды жендинер!!!
+8
Kgda
2018-08-28 19:27:20
Ааай байкуштар абдан суйунупсунорго.
-4
Mikaaa
2018-08-28 20:58:53
Сүйүнбөй анан ыйласынбы?
+2
Azi81
2018-08-28 21:29:08
Нурмухаммед токтоев кучтуу ойунчу азаматсынар!!!алга кыргызстан
0
monster_high_98
2018-08-28 22:17:03
Аииии кубанычынарда чек жок го! Футболдон да волейболдон да казактарды женсе болот экенго,азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан