1-июлда Кыргызстанда 7 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкекте 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы орун алган. Кырсыктын кесепетинен адам өмүрүнө зыян келтирилген учурлар болгон жок. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Саймалы айылында жыйылып турган 2,5 тонна чөп күйүп кетип, учурда кырсыктын келип чыгышы такталууда.