Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэриясынын социалдык тамактандыруу департаментинин башчысы болуп дайындалды
Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэриясынын социалдык тамактандыруу департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 2-июлда кабарлады. Жаңы дайындалган жетекчини жамаатка мэр Иса Өмүркулов тааныштырып, анын ишине ийгилик каалады.