"Саякбай" тасмасы Орусияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду

"Саякбай" тасмасы Орусиянын Волоколамск шаарында өткөн эл аралык "Волоколамсктын чеги" кинофестивалында байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын продюсери жана режиссёру Эрнест Абдыжапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул сынак 23-августта башталып, ага Абхазия, Болгария, Италия, Израиль, Иран, Орусия жана башка мамлекеттер катышты. Фестивалда Орусиянын кинематография тармагындагы аттуу-баштуу өкүлдөр калыстык кылып, бир апта бою жаш жана тажрыйбалуу режиссёрлордун эмгектерине саресеп салышты. Жыйынтыгында "Саякбай" тасмасы калыстардын атайын "Адамдын нравалык сулуулугун ачкан" деген сыйлыгына ээ болду. Тилекке каршы, фестивалга бизден эч ким бара алган жок", - дейт Абдыжапаров.

Аскердик-патриоттук "Волоколамсктын чеги" кинофестивалына кыргыз тасмаларынан Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" жана Бектурган Кундузбековдун "Ата" тасмасы катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө толук жана кыска метраждуу, документалдык тасмалар көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан