“Музейдеги түн” тасмасында Ребекка Хатмэндин, “Шпион балдарында” мурунку жашыруун агент жана Кармен, Жуни аттуу балдардын апасынын образын жараткан актриса Карла Гужино 47 жашка толду. Ал 1971-жылы 29-августта Флориданын чакан шаарчасы Сарасотада туулган. 4 жашында катуу ооруга кабылып, бөйрөктөрүнө операция жасаткан. Дарыгерлер эгер Гужино бул операцияны убагында жасабай жана туура дарыланбаса, майып болуп калышы толук мүмкүн экендигин айтышкан.
Алгач телевидениеде иштеп, андан соң бир канча тасмаларда эпизоддук ролдорду жаратып жүргөн актриса “Бул баланын жашоосу” фильмине белгилүү Голливуд актёрлору Леонардо Ди Каприо жана Роберт де Ниро менен биргеликте тартылган соң аты коомчулукка кеңири тааныла баштаган.
Ал эми 2001-жылы Антонио Бандерас менен чогуу “Шпион балдары” фильминин 3 бөлүмүнө тең тартылып, карьерасын дагы бир тепкичке жогорулаткан жана дал ушул тасмадан соң бир топ кинолорго тартылуу сунушун алган.Актриса “Жыландын көзү” жана “Гангстер” тасмаларындагы ролу үчүн бир канча наамдарга көрсөтүлгөн, бирок мамлекеттик америка-италиялык фонддун премиясынан башка сыйлык алган эмес.
Карла Гужино – бойдок. “Иуддун өбүшүүсү” тасмасы тартылып жаткан учурда режиссёр Себастьян Гутьеррес менен таанышып, 2000-жылдары кыз-жигит иретинде сүйлөшө баштаганын жана мыйзамдуу түрдө баш кошууга шашылбасын билдирген.“Экөөбүз тең эркиндикти сүйөбүз, бирок чогуу болууну каалайбыз. Ушул эле жетиштүү, мыйзамдуу никеге муктаж эмеспиз” деген ал.
29-августтун жылнаамасы.