30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка-Маяк айылдарынын ортосундагы “Тополёк” чегинде 12 жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Сууга чөккөн кыз Каракол шаарынын тургуну, 2001-жылы туулган Каухар Кылычбек кызы экендиги белгилүү болду. 1-июль күнү ӨКМнын Каракол шаардык Куткаруу кызматы тарабынан издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу чыгышкан. Саат 14:10до кыздын жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.