“Бакай Банкта” иштеп ийгиликке жеткен 10 айымдын окуясы: Сулуу жана акылдуу аял - биздин замандын баатыры

Ушул жылдын 28-декабрында “Бакай Банк” өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт. Буга байланыштуу “Бакай Банкта" эмгектенген айымдар менен болгон маектерди жарыялайбыз. Алар өздөрүнүн жумуштагы ийгиликтери жана аялдык бакыттын сырлары менен бөлүшмөкчү.

Заманбап айымга эң керектүүсү - бул үй-бүлө, карьера, көңүлдүн тынчтыгы. Негизги баалуулуктарга жетиш үчүн ар ким өз жолун тандайт. Айрым учурда жол оор жана коркунучтуу болот, бирок буга карабастан адам ушул жол менен барып сөзсүз түрдө ийгиликке жетет. Элмира Сапанова мындай жол менен өтүп, өз максаттарына жеткен адамдардын бири.

Элмира банк тармагында 20 жылдан ашуун иштейт. Учурда ал "Бакай Банктын" Бишкектеги филиалынын жетекчиси. Ал ийгилигинин сыры - өзүнүн үстүнөн иштөө, жыйынтыкка умтулуу, шаблондорду өзгөртүү деп эсептейт. Сулуу жана акылдуу айым - бул миф эмес, заманыбыздын реалдуулугу.

Элмира үчүн ийгиликке жетүү оңой болгон жок. Өзүнүн стереотиптери жана айланадагы адамдар менен күрөшүүгө туура келген. Ошентип Элмира өзүнө жана айланадагыларга бир гана сулуу эмес, акылдуу айым дагы мыкты жетекчи боло аларын далилдей алды.

"Банкта иштейм деп ойлогон эмесмин. Мектепте гуманитардык илимдер боюнча да, так илимдер боюнча да жакшы окучумун. Орус тили, алгебра боюнча олимпиадаларга катышкам. Биринчи билимим боюнча филологмун. Келечектеги кесипти көңүлүмө карап эмес, бюджетке карап тандагам. Апам бизди, үч кызды жалгыз баккан. Биз кичинекей кезибизде атабыздан айрылганбыз. Менин бала чагым кайра куруу убагына туш келген, ал кезде оор күндөр болгон", - деп бөлүштү Элмира.

Мектептен кийин ал журналистика же чет тилдер факультетине тапшыра алмак. Баллдары жетиштүү болгон. Бирок тагдырдын буйругу менен филологияга тапшырган. Бирок эч өкүнбөйт, анткени эгер бул кесипке тапшырбаганда иштей алмак эмес, себеби сырттан окуу бөлүмү ушул факультетте гана болгон.

"Банкка мен кокустан келип калгам. Студент кезимде бир корпорацияда кызматкердин ордуна жайда иштеп туруумду суранышкан. Эки ай иштегем. Адамдар менен сүйлөшүү, жаңы нерселерге үйрөнүү жагып калган. Бул тажрыйба окуу менен иштөөнү айкалыштырууга түрткөн. Ошентип жумуш издей баштадым. Жыйынтыгында "Бакай Банкка" келгем - ал кезде бул банк эми ачылып жаткан. Биз адаптациялоо мезгилинен өтүп, 1998-жылы лицензия алганбыз", - деп эстейт Элмира.

"Бакай Банк" карьералык өсүшүмө старт берген. Алгачкы кадамдарымды жасап жаткан атмосфера абдан ыңгайлуу жана жагымдуу болгон. Жетекчиликтин жаш кадрларга колдоо көрсөткөнү дароо сезилген. "Бакай Банк" келечектеги кадрларды, мыкты адистерди өстүрүүгө чоң маани берет", - дейт каарманыбыз.

Элмира үч жыл окуп, банктын төрагасынын катчысы болуп иштеген. Жумуш өзүнө жаккандыктан "банк иши" кесиби боюнча экинчи жогорку билим алууну чечкен.

"Эгер ишиң сага жакса, ага үйрөнүү оңой жана кызыктуу. Стереотиптер менен күрөшүү кыйыныраак. Карьерамды баштап жатканымда аял-жетекчилер көп кезикчү эмес. Биздин коомдо "айым - бул аял жана эне" деген стереотип терең калыптанып калган. Эркектердин көбү аялдардын пикирин угууга, аял-жетекчиге баш ийүүгө даяр эмес. Биз заманбап дүйнөдө жашаганыбыз менен көп нерсе тарбиядан жана айланадан көз каранды. Айрым эркектер абалды туура кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жөндүү жүргүзө алышат. Бирок бардыгы эмес", - деп баса белгиледи айым.

Элмирага “аял киши башкаруучу боло албайт”, “бир учурда сулуу жана акылдуу болуу мүмкүн эмес”, “өтө жаш жана тажрыйбасыз” деген сыяктуу бир топ коомдук стереотиптер менен бет келүүгө туура келген.

“Менин жаш курагымдын айынан көпчүлүк учурда мени олуттуу кабыл алышчу эмес. Жөн гана сулуу кыз катары кабыл алышчу. Мен кээде өзүм да мындай кыйынчылыктарды жеңериме ишене албай калчумун. Менден кесипкөйлүктү жана жумушума олуттуу мамиле кыларымды эч ким күткөн эмес. Бирок мен биринчи кезекте өзүмө бул туура эмес пикир экенин далилдей алдым. Мага менин өжөрлүк жана компромисс таба алчу сапатым жардам берди. Албетте, баарын таштап салгым келген учурлар да болду. Андай учурларда менин устатыма айланып калган жетекчилер колдоп турушту”, - дейт Элмира айым.

Ал бүгүнкү күндө ар бир адам ийгиликтүү карьераны кура алат деген ишеничте. Эң керектүүсү - бул кайраттуулук, максатка умтулуу, өзү жана айлана-чөйрө менен гармонияда болуу.

Баса, Элмира өзү карьераны курууга да, баланы төрөөгө да жетишти. Жүктөлгөн иш графигине карабай ал бардыгына үлгүрүүдө: үйдөгүлөргө тамак-аш жасап, өзүн да жакшы формада карап жүрөт.

Элмиранын айтымында, жакындарынын жардамы менен гана бул ийгиликтерге жете алган. Ага дайыма жөлөк болуп, ар кандай кырдаалдарда дайыма жанында болгон апасына өзгөчө ыраазы.

"Баламды тарбиялаганга апам да чоң көмөк көрсөттү. Менин эч нерсеге алаксыбай өз ишимди жасаганга бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылчу. Ийгиликке жеткен айым катары үй-бүлөнүн, жакындардын колдоосу алдыга умтулууга, жаңы ийгиликтерди багынтууга өзгөчө түрткү берет", - деп белгилейт каарманыбыз.

Элмира билдиргендей, бүгүнкү күндө жаштар мурункуга салыштырмалуу активдүү, ал эми интернет болсо маалыматты ар бир адамга жеткиликтүү кылды. Бирок ошол ачылган мүмкүнчүлүктөрдү ким кандай колдонуп жатат деген суроо туулат.

"Негизинен жаңы муундун өзүнүн келечегин мыкты кылып түзүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени алар ички жана сырткы стереотиптерден эркин. Алар өздөрүн ар кайсы тартмакта сынап көрүшү керек. Ошондо гана адам өзүнө эмне жакын экенин биле алат. Дагы бир маанилүү нерсе - өз жашооңдон ырахат ала билүү зарыл", - деген пикирде Элмира.

***

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга тез жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан