Инстаграмда атайын билдирүү жиберип баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болду

Инстаграмда атайын билдирүү жиберип баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу сервистин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Инстаграм сервисинин иштеп чыгуучулары колдонуучулардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун күчөтүү максатында жаңы чараларды көрүүдө.
Жаңы чаралардын бири бул колдонуучунун өтүнүчү менен баракчаны верификация кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Тагыраагы, колдонуучу аты-жөнүн тастыктаган документти көргөзүүсү керек, ошону менен бирге эле колдонуучунун баракчасы социалдык тармактын талаптарына жооп берүүсү шарт.
Иштеп чыгуучулардын билдиргенине ылайык, өтүнүч жиберүү аккаунт дароо верификациядан өтөт дегенди билдирбейт. Верификациядан өткөрүүдө аккаунттун белгилүүлүгүнө, өзгөчөлүгүнө көңүл бурулат.
Верификация - бул далилдердин жардамы менен өздүгүн тастыктоо дегенди түшүндүрөт. Социалдык тармактарда верификация белгиси атайын текшерүүдөн өтүп, белгиленген талаптарга жооп берген баракчаларга берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан