Баткенде кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Бүгүн, 2-июлда түнкү саат 00:30 чамасында Баткен облусундагы Айдаркен чек ара бекетинде аткезчилик жол менен жүк алып бара жаткан 2 кыргызстандык жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчылыгы билдиргендей, Кыргызстандын жарандары DAMAS үлгүсүндөгү 2 автоунаа менен оролгон кездемелерди аткезчилик жол менен Кыргызстандан Өзбекстанга алып өтмөкчү болушкан. Кармалган жүктүн жалпы суммасы 140 000 сомду түзөт. Тийиштүү документтер түзүлгөн соң кармалгандар жүгү менен кошо Баткен облустук Бажы кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан